08

Июнь

2025

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев жеңил өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады

img

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоо тексти:

Урматтуу Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Тигүү өндүрүшү 90%дан ашыгын түзгөн Жеңил өнөр жайы — биздин экономикабыздын маанилүү тармактарынын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө ал өлкөнүн өнүгүшүндө негизги ролду ойноп, калкты жумуш менен камсыз кылуунун маанилүү фактору жана өлкөнүн  калкынын олуттуу бөлүгүнүн кирешесинин булагы болуп калды.

Сиздердин эмгегиңиздер, ишке берилгендик, жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жана жоопкерчилигиңиздер биздин продукциялардын ички жана эл аралык рыноктордо ишенимдүү орун алып турушуна шарт түзүүдө.

Биздин республикада тигүү жана терини кайра иштетүү тармактары ийгиликтүү иштеп жатканын сыймыктануу менен белгилейбиз. Заманбап логистика жана технологиялык чечимдерди колдонуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык эң жогорку стандартка жооп берген продукция чыгарууга шарт түзүүдө.

Электрондук сооданын өнүгүшү өндүрүүчүлөрүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу кеңейтти — Кыргызстандын ишканаларынын товарлары дүйнөдөгү ири маркетплейстерде ийгиликтүү сатылып, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн керектөөчүлөрүнүн ишенимине жана урматтоосуна ээ болууда. Бул сиздердин талант жана талыкпаган эмгек менен жетишкен атаандаштыкка жөндөмдүн жана жогорку сапаттын көрсөткүчү.

Өзгөчө сыймык менен айта турган нерсе — биздин дизайнерлерибиз жана чеберлерибиздин чет өлкөлөрдө таанылышы. Өлкөбүздө жасалган кийимдерди атактуу  дүйнө жылдыздары да тандап алып жатышат. Алардын таланты жана чыгармачыл көз карашы аркылуу дүйнө жүзү кыргыз маданиятынын байлыгын жана сулуулугун билип жатат. Эл аралык подиумдарда өлкөнү таанытып, көрүнүктүү көргөзмөлөргө жана мода шоуларына катышып, Кыргызстанды күчтүү чыгармачылык мектеби бар жана терең салттарга ээ өлкө катары оң имиджин түзүп жатышат.

Жыл сайын тармактын өнүгүү көрсөткүчтөрү жакшырууда. 2024-жылдын натыйжасы боюнча текстиль, кийим-кече, бут кийим, теринин жана башка териден жасалган буюмдардын өндүрүшү 20,5 млрд сомго жетип, 2023-жылга салыштырмалуу 15%га өстү. Анын ичинде кийим-кече өндүрүшүнүн үлүшү 85%, текстиль өндүрүшүнүн үлүшү 12% түздү.

2024-жылы жеңил өнөр жайында 130 миңге жакын адам эмгектенген, алардын көпчүлүгү — кийим-кече өндүрүшүндө. Бул жеңил өнөр жайы жогорку экономикалык көрсөткүчтөрдү гана камсыз кылбастан, социалдык маанилүү ролду да ойноп, миңдеген кыргызстандыктар үчүн жумуш орундарын түзүп жатканын көрсөтөт.

Сиздердин үзүрлүү эмгегиңиздер жана жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жеңил өнөр жайынын бүгүнкү ийгилигинин негизин түзүп, анын келечектеги туруктуу өнүгүүсүнө бекем кепилдик болот. Бирок муну менен эле чектелбешибиз керек. Тармакты андан ары өнүктүрүү үчүн эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү жана экспорттук багытты күчөтүү биринчи кезектеги милдеттер бойдон калууда.

Мамлекет атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүүгө шарт түзүү үчүн инфраструктураны жакшыртуу, ишканаларды жаңылоо, сатуунун жаңы базарларына жол ачуу жана кесиптик кадрларды даярдоону колдоо менен бардык багыттар боюнча көмөктөшүүнү улантат.

Жеңил өнөр жайды өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн ар бириңерге ыраазычылык билдирем. Өз ишиңерге берилгендигиңиздерге жана кесипкөйлүгүңүздөргө рахмат айтам. 

Сиздерге бекем ден соолук, жаңы жетишкендиктерди жана ийгиликтерди каалайм!".