05

Июнь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Тажикстанга болгон жумуш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин үстүбүздөгү жылдын 4-5-июнь күндөрү Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына болгон жумуш сапары аяктады.

Алгач Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолукту.

Анда тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун буга чейинки жолугушууларында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүн жана алдыдагы кыргыз-тажик кызматташтыгынын күн тартибине киргизилген бир катар актуалдуу маселелер боюнча сүйлөштү. 

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары жана КМШнын Аткаруу комитетинин Башкы катчысы менен биргеликте Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолукту.  

Андан соң, Министрлер Кабинетинин Төрагасы КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты. Отурумдардын жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

КМШ Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңеши — Азербайжан Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министрлеринин, Армения Республикасынын, Түркмөнстандын Вице-премьерлеринин жана КМШнын Аткаруу комитетинин Башкы катчысынын катышуусунда болгон отурумдун жыйынтыгында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынып, документтерге кол коюлду.  

5-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстанга болгон жумуш сапары аяктаган соң Бишкек шаарына кайтып келди.