07

Июнь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси 
Адылбек Касымалиев финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 

МинКаб Төрагасынын куттуктоосунун тексти:  

“Урматтуу финансы-экономика тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын финансы-экономика кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Сиздердин эмгегиңиздер – улуттук экономиканын туруктуулугунун жана өнүгүүсүнүн негизи. Сиздер мамлекеттик бюджеттин туруктуулугуна, инвестициялык климатка, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга түздөн-түз таасир этүүчү чечимдерди иштеп чыгуудасыздар жана ишке ашырып жатасыздар.

Дүйнөлүк экономиканын учурдагы турбуленттүү абалына карабастан Кыргызстандын экономикасы оң динамиканы көрсөтүүдө.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП 9,0% га, экспорт 13% га өстү, ал эми тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 872,6 млн АКШ долларынан ашты. Кыргызстандын консолидацияланган бюджети акыркы 3 жылда 688,5 млрд сомго чейин өстү. 2030-жылга чейин ИДПны 30 млрд долларга, сом менен айтканда 3 трлндун деңгээлинен ашырабыз деп пландап жатабыз. Бүгүнкү күндө өлкө ИДПсы 2025-жылдын 4 айынын жыйынтыгы боюнча 11,7%дык өсүштү көрсөттү. 

Салыктык жана бажылык администрациялоодо санариптик технологиялар активдүү киргизилүүдө, фискалдык саясаттын ачык-айкындуулугу жана натыйжалуулугу жогорулоодо.

Өнөр жай олуттуу ийгиликтерге жетишти: өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү 5,6% ды түздү, жаңы кайра иштетүүчү ишканалар ачылды, индустриалдык парктар түзүлүүдө, өндүрүштүк база модернизацияланууда. Бул чаралар заманбап, атаандаштыкка жөндөмдүү өнөр жай саясатын калыптандырууга өбөлгө түзүүдө.

Туризм тармагындагы оң динамикаларды өзүнчө белгилеп кетким келет.

2024-жылы Кыргызстан 8,6 миллиондон ашык чет элдик туристти кабыл алды, бул өткөн жылга салыштырмалуу туризмден түшкөн кирешенин 20% га өсүшүн камсыз кылды. Жаңы маршруттар, экотуризм объекттери жигердүү өнүгүүдө, өлкөнүн туристтик брендин эл аралык деңгээлде илгерилетүү күчөтүлүүдө. Туризм региондук өнүгүүнүн жана калкты иш менен камсыз кылуунун маанилүү драйверине айланууда.

Эл аралык агенттиктер тарабынан Кыргыз Республикасына суверендүү кредиттик рейтингдин ыйгарылганы маанилүү жетишкендик болуп калды, бул тышкы инвесторлордун жана финансылык институттардын ишенимин олуттуу түрдө бекемдеди.

Индустриялаштыруу, “жашыл” экономикага өтүү, экспорттук жана туристтик потенциалды андан ары өнүктүрүү, санариптештирүү жана аймактарды туруктуу өнүктүрүү сыяктуу биздин алдыбызда масштабдуу милдеттер турат. 

Сиздер экономиканын келечегин жана өлкөбүздүн жарандарынын бакубаттуулугун аныктаган адистердин тобу болосуздар.

Сиздерге кесипкөйлүк, жоопкерчилик жана ишке берилгендик үчүн ыраазычылык билдирем.

Сиздерге чың ден соолук, жаңы ийгиликтерди жана келечекке ишенимдүү көз карашты каалайм!”