09
Июнь
Министрлер Кабинетинин “Нотариалдык иш маселелери жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Нотариалдык иш маселелери жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомдун максаты Кыргыз Республикасынын нотариалдык иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу нотариалдык ишти уюштурууга карата бирдиктүү мамилени жана жеке нотариустун жумуш ордуна (кеңсеге, бюрого) карата бирдиктүү талаптарды белгилөө.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында кабыл алынган бул документке ылайык, өрт жана электр коопсуздугунун эрежелерин, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, ченемдерди жана гигиеналык нормативдерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик нотариуска жүктөлөт.