09

Июнь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев финансисттер менен экономисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ата мекендик өндүрүштөгү жаңы унааларды тапшырды

Бишкек шаары, Т. Усубалиев атындагы аянт, 2025-жылдын 9-июну — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине кызматтык автоунааларды өткөрүп берүү аземине катышты.

Адылбек Касымалиев куттуктоосунда азыркы шартта финансист жана экономист кесибинин маанилүүлүгүн белгилеп, акыркы жылдардагы ИДПнын туруктуу өсүү темпи (2022-2024-жылдары 9% жана ушул жылдын 4 айында 11,7%) жүргүзүлүп жатканы экономикалык саясаттын натыйжалуулугун көрсөтүп тураарын билдирди. 

"Экономисттер менен финансисттер — азыркы замандын негизги кызматкерлери. Сиздер бардык министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарын жана демилгелерин бириктирген, алдыга карай багыттарды көрсөткөн социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгасыздар", — деп белгиледи МинКаб Төрагасы. 

Ал ошондой эле өлкөнүн алдында турган амбициялуу максаттарына токтолуп, алар экономиканын бардык тармактарын, өзгөчө өнөр жай тармагын өнүктүрүү талап кылынаарын белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Адылбек Касымалиев финансы-экономикалык чөйрөдөгү кызматкерлердин кесипкөйлүүлүгү, билими, жоопкерчилиги жана ишке берилгендиги стратегиялык пландарды ийгиликтүү ишке ашыруунун жана Кыргызстандын экономикасын андан ары өнүктүрүүнүн ачкычы экенине, ал эми Экономика жана коммерция министрлигинин автопаркынын жаңыланышы ведомствонун мобилдүүлүгүн жана натыйжалуугун жогорулатат деген ишенимин билдирди.