09

Июнь

2025

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга жумуш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, 2025-жылдын 10-июнунда, Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына жумуш сапары менен барат. 


Жумуш сапардын алкагында МинКаб башчысы Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышат. Ошондой эле, бир катар объектилерди көрүп, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.