10

Июнь

2025

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Өзбекстандагы бир катар объектилерди көрүп чыкты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Өзбекстан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар объектилерди көрүп чыкты.

Алсак, МинКаб башчысы Ташкент облусундагы Борбор Азиядагы эң ири күн электр станцияларынын бири Riverside электр станциясына барды. ACWA Power компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан кайра жаралуучу энергиянын кубаттуулугу 200 МВт түзөт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасына бул долбоор, Өзбекстандын Улуттук электр тармагы менен 25 жылдык электр энергиясын сатып алуу келишими менен курулуп, ээлик кылуу, иштетүү, өткөрүп берүү модели боюнча ишке ашырылып жатканы туурасында айтып беришти.

Андан соң Адылбек Касымалиев Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында уюшулган Өзбекстандын өнөр жай жана инвестициялык потенциалынын биринчи улуттук көргөзмөсүн көрүп чыкты.

Болжол менен 6000 чарчы метр аянттагы көргөзмөгө улуттук экономиканын 10дон ашык негизги тармактарынан, анын ичинде мунай химиясы, машина куруу, электротехника, курулуш материалдары, металлургия, фармацевтика, тамак-аш өнөр жайы жана башка 90го жакын компания катышууда.

Ошондой эле жумуш сапардын алкагында, МинКаб башчысы Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы элчилигинин имаратында болуп, ишмердүүлүгү менен таанышты.