10
Июнь
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев IV Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышты
Ташкент, Өзбекстан, 2025-жылдын 10-июну. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев IV Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышып, сөз сүйлөдү.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев, азыркы бурулуш мезгилде Борбор Азия чөлкөмү тагдыр чечүүчү окуяларга күбө болуп жатканын айтып, анын жаркын мисалы катары ушул жылдын 31-мартында, Худжанд шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилиши жөнүндө келишимге кол коюшун атады.
“Бул жерде мен биздин өлкөлөрдүн жетекчилеринин акылман жана алысты көрө билген мамилесин өзгөчө баса белгилегим келет, ансыз бул жетишкендикке жетишүү мүмкүн эмес эле”-деди Адылбек Касымалиев.
Андан аркы сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Борбор Азиянын экономикасынын өсүшүнүн кыймылдаткыч күчү транзиттик, транспорттук жана логистикалык потенциалды өнүктүрүү деп эсептээрин билдирди.
Бул контекстте ал, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун белгилеп, бул транспорт коридору Кытайды Европа жана Жакынкы Чыгыш жана Перс булуңунун өлкөлөрү менен заманбап шарттарда байланыштырган Улуу Жибек Жолун кайра жаратуу үчүн эбегейсиз зор потенциалга ээ экенин белгиледи.
Мындан тышкары МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев, форумдун катышуучуларынын көңүлүн күн тартибиндеги климаттык маселелерге буруп, климаттык коркунучтардын жана суунун жетишсиздигинин күчөшүнүн шартында, Кыргызстан региондук маанидеги узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аянтчаны сунуштаарын билдирди.
Ошондой эле акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасындагы жетишкендиктерге токтолуп, өлкөнүн кредиттик рейтингинин Standard & Poor's агенттигинин маалыматы боюнча «Туруктуу» болжолу менен «В+» деңгээлине көтөрүлүшү маанилүү окуя катары белгиледи.
Мындан тышкары өнөр жай тармагына, санариптик трансформацияга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, IT-компаниялар үчүн жеңилдетилген режим кирип – бүгүнкү күндө Кыргызстандагы Жогорку технологиялар паркында 477 резидент бар экенин кошумчалады.
“Жаңы инвестициялык саясаттын алкагында өлкө жетекчилигинин саясий эрки инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнү түзүүгө, анын ичинде менчикти коргоого багытталган сапаттык жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алды”-деген Адылбек Касымалиев, Кыргызстан терең аймактык интеграция идеясына, Борбордук Азия аймагын Евразия континентиндеги гүлдөп-өсүү аймагына, ири экономикалык долбоорлор жана демилгелер ишке ашкан жерге, олуттуу тышкы жана ички инвестициялар тартылган жерге айландыруу идеясын жактайт деп сөзүн жыйынтыктады.