10
Июнь
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту.
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев өзбек элин 2026-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыгышы менен чын жүрөктөн куттуктап, Өзбекстан курама командасына ийгилик каалады.
Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев МинКаб башчысы Адылбек Касымалиевге Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышууга келгенине ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго ысык саламдарын жолдоду.
МинКаб Төрагасы Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, кыргыз-өзбек мамилелерин ар тараптуу тереңдетүү биздин элдердин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук жооп берээрин ырастады.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө өз ара ниеттерин билдиришти.