11

Июнь

2025

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Өзбекстан Республикасына иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Өзбекстан Республикасына иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышып, сөз сүйлөдү. Мындан тышкары Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат  Мирзиёев жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушууларды өткөрдү.

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев ошондой эле бир катар объектилерди, анын ичинде Ташкент облусундагы күн электр станциясына барды. Мындан тышкары Ташкент эл аралык инвестициялык форуумунун алкагында уюшулган Өзбекстандын өнөр жай жана инвестициялык потенциалынын биринчи улуттук көргөзмөсүн көрүп чыкты. 

Ошондой эле, МинКаб башчысы Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сапардын жыйынтыгында, Өзбекстан тараптын чакыруусу менен кадырлуу конок катары "Өзбекстан-Катар" футболдук оюнун көрүүгө барып, андан соң Бишкек шаарынан кайтып келди.