11

Июнь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев III Бишкек эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземине катышты

III Бишкек эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.

Иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өттү. 

Ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө МинКаб Төрагасы Бишкек эл аралык кинофестивалы Борбор Азиядагы кинематографияны өнүктүрүү үчүн жакшы аянтча экенин белгиледи.

"Фестивалга дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн режиссёрлор, жазуучулар, продюсерлор, актёрлор, киносынчылар жана эксперттер чогулду. Бул жөн эле кинонун майрамы эмес, профессионалдык өсүүгө, чыгармачылык диалогду чыңдоого жана эл аралык кызматташууга мүмкүнчүлүк. Фестивалдын баш байгеси "Ак Илбирс", "Жаабарс" статуэткасы. 2023-жылы ак илбирс расмий түрдө Кыргызстандын улуттук символу катары таанылган. Ак илбирс Манас эпосубуздагы негизги жаныбары, илбирс адам менен жаратылыштын ажырагыс байланышынын символу. Бүгүнкү күндө Кыргызстан экономикалык “ак илбирстин секиригин” жасап жатат. ИДПнын 10-11% деңгээлинде туруктуу өсүүсү бизге маданият жана искусство чөйрөсүн колдоого мүмкүнчүлүк берет. Үч жыл мурун кинематографияны мамлекеттик каржылоо 80 миллион сом болсо, быйыл 951 миллион сомду түздү”, — деди ал.

Адылбек Касымалиев 20-кылымдын 60-70-жылдары кыргыз киносу чыныгы гүлдөгөн учурду башынан кечиргенин – дал ошондо “Кыргыз керемети” деп аталган феномен жаралганын улантты. Ал алтын доордо жаралган фильмдер кыргыз искусствосунун алтын фондусун толуктап, чыныгы шедеврлер жана кинобуздун сыймыгы болуп калды.

"Кыргыз киносу элдин руханий турмушунда ар дайым маанилүү роль ойноп келген. Сиздер бүгүнкү күндө бул миссияны татыктуу улантып, жаңы бийиктиктерди багындырып келесиздер. Кино тармагындагы мыкты идеяга жана демилгеге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөт", — деди Адылбек Касымалиев. 

Сөзүнүн аягында МинКаб Төрагасы Бишкек кинофестивалы фильмдердин премьерасы жана көрсөтүү аянтчасы гана болбостон, чыгармачылык диалогдун, пикир алмашуунун жана эл аралык профессионалдык тажрыйбанын борборуна айланып бара жатканын белгиледи. Элдердин достугу маданият аркылуу бекемделет жана руханий көпүрөлөр курулат. 

Бул III Бишкек эл аралык кинофестивалы үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин уланат.