12

Июнь

2025

Балдардын эмгегин пайдаланууга каршы эл аралык күнүндө МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев “Мен өзүмдүн эмгек укугумду билем” республикалык дил баян сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 12-июну – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан 9-11-класстын окуучулары арасында өткөрүлгөн “Мен өзүмдүн эмгек укугумду билем” республикалык дил баян сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.

Балдардын эмгек укуктарын коргоо темасына арналган сынакты, Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Катчылыгы Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы менен биргеликте Кыргызстандагы Ф. Эберт фондунун колдоосу менен уюштурган. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 2400дөн ашык мектеп окуучулары катышты.
 
Мыкты эмгектер атайын комиссия тарабынан тандалып алынды. Жеңүүчүлөрдү Адылбек Касымалиев өзү куттуктап, аларга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан ноутбук, планшет, уюлдук телефон жана электрондук китептерден турган баалуу сыйлыктарды тапшырды.

Салтанаттын катышуучуларына сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев жаштайынан өз укугун билүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул ийгиликтүү келечектин ачкычы экенин айтты.

“Биз балдардын эмгекке жана өзүн-өзү ишке ашырууга болгон каалоосун толугу менен колдойбуз, бирок бул алардын ден соолугуна, билимине жана эс алуусуна зыян келтирбеши маанилүү”, – деди Адылбек Касымалиев.

Адылбек Касымалиев мектеп окуучуларын окууга, китеп окууга жана пайдалуу иштерге убакыт бөлүүгө чакырып, ийгиликтин ачкычы билим экенин белгиледи. Ал ошондой эле балдардын укугун коргоо жалпы улуттук кыймылга айланып, мындай сынактар Кыргызстандын социалдык жактан жоопкерчиликтүү жарандарынын калыптанышына өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга “Ынтымак Ордо” Президенттик Администрациянын жаңы имараты боюнча экскурсия уюштурулду.