12
Июнь
Жогорку медициналык жана фармацевтикалык кесиптик билим берүү программалары үчүн билим берүү ишмердигин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу киргизилди
Жогорку медициналык жана фармацевтикалык кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Лицензияны кайра берүү, токтото туруу, узартуу жана жокко чыгарууну кошпогондо тыюу салуу 2025-жылдын 1-июлунан 2027-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
Документ медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине билим берүү ишин лицензиялоонун тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизүү тапшырылды.