13
Июнь
Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева “SOS – Балдар айылдары” эл аралык фондунун башкармалыгынын төрайымы Ланна Идрис менен жолугушуу өткөрдү
Бишкек, 2025-жылдын 13-июну – Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча өкүлү Асел Чынбаева Эл аралык Герман Гмайнер Фондунун “SOS – Балдар айылдары” башкармалыгынын төрайымы Ланна Идрис менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга колдоо көрсөтүү, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.
Тараптар мындан аркы кызматташуунун келечектүү багыттарына өзгөчө көңүл бурушту, мисалы, фостердик үй-бүлөлөр институтун өнүктүрүү, аярлуу кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо, коомчулуктун деңгээлинде профилактикалык иштерди жүргүзүү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо тутумун чыңдоого жана балдардын абалын жакшыртууга багытталган конструктивдүү өнөктөштүктү улантууга умтулууларын ырасташты.