16

Июнь

2025

2025-жылга жалпы улуттук, ведомстволук жана жергиликтүү маанидеги юбилейлик иш-чараларынын тизмегине өзгөртүүлөр киргизилди

2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук, ведомстволук жана жергиликтүү маанидеги юбилейлик иш-чараларынын тизмегине өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Кабыл алынган документ өлкөнүн тарыхый, маданий, илимий жана коомдук турмушунда өзгөчө орду бар инсандарды, окуяларды жана маанилүү даталарды татыктуу белгилөөгө жана эскерүүгө багытталган. Бул иш-чараларды өткөрүү жарандардын тарыхый аң-сезимин жана мекенчил сезимин өнүктүрүү, ошондой эле жаш муундарга үлгү болуучу инсандар менен окуяларды даңазалоо максатын көздөйт.