18

Июнь

2025

МинКаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бишкек, 2025-жылдын 18-июну — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Акыйкатчы институтунун ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча эл аралык топтордун өкүлдөрүнүн, ошондой эле белгилүү укук коргоочулар менен эксперттердин, Австралиянын, Жаңы Зеландия, Непал, Мальдив жана Швейцариянын Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Эл аралык делегациянын иш сапары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун потенциалына комплекстүү баа берүү демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат. Баалоо адам укуктары боюнча бул негизги улуттук органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Жолугушууда Акыйкатчы институтун институционалдык өнүктүрүү, анын адам укуктарын камсыздоо жана коргоо системасындагы ролу, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Эл аралык стандарттарга жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбага ылайык өлкөнүн адам укуктарын коргоо механизмдерин мындан ары чыңдоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Эдил Байсалов көз карандысыз баалоо жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, анын жыйынтыктары жана сунуштары жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун улуттук тутумунун маанилүү элементи катары Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүгө багытталган конкреттүү чечимдерди иштеп чыгуу үчүн негиз болот деген ишенимин билдирди. Тараптар Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоо институттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана адам укуктарын илгерилетүү максатында кызматташууну бекемдөөгө өз ара умтулуусун ырасташты.