20

Июнь

2025

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары Денис Мантуров эки тараптуу кызматташуу маселелерин сүйлөштү

Санкт-Петербург, Россия Федерациясы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары Денис Мантуров менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин сүйлөштү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Евразия экономикалык биримдигинин алкагында соода-экономикалык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.