20

Июнь

2025

Кыргызстан менен Татарстан 2025-2027-жылдарга кызматташуу боюнча "жол картасына" кол коюшту

Санкт-Петербург, Россия Федерациясы, 2025-жылдын 19-июну – Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиевдин Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) Раиси Рустам Минниханов менен жолугушуусу болду. 

Данияр Амангельдиев Рустам Миннихановго Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу саламдашуу сөздөрүн жана эң жакшы каалоолорун жеткирип, кыргыз-россиялык стратегиялык өнөктөштүк духунда Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп, чыңдалып жатканын баса белгиледи. 

Татарстандын Раисинин ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча программанын Башкаруу комитетинин IX жыйынына жакында жеке катышуусунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. 

Данияр Амангельдиев Татарстан менен инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде өнөр жай кооперациясын түзүүгө багытталган долбоорлор боюнча кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин билдирип, ар кандай тармактарда өз ара пайдалуу байланыштардын келечегин талкуулоого даяр экенин ырастады. 

Өз кезегинде Рустам Минниханов Татарстан менен Кыргызстандын ортосунда кызматташуунун келечеги кең экенин белгиледи. Буга байланыштуу ал жакынкы аралыкта Кыргызстанга жана Татарстанга өз ара бизнес миссияларын уюштурууну, ошондой эле санариптик жана финансылык кооперацияны жана билим берүү демилгелерин ишке ашырууда биргелешкен долбоорлорду сунуштады.

Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Татарстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2025-2027-жылдарга соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык кызматташтык жөнүндөгү өкмөттөр аралык макулдашууну ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-чаралар планына кол коюлду. 

Төраганын биринчи орун басары жана Татарстандын башчысы бул документ эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн натыйжалуу "жол картасы" болоруна ишеним билдиришти.