20
Июнь
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түркиянын Элчисин кабыл алды
Кыргыз Республикасындагы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Окемди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат жана санариптештирүү тармактарындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алышты.
Эдил Байсалов Түркия Республикасынын туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн тарыхый жана маданий байланыштарына негизделген стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде Элчи Мекин Мустафа Кемал Окем Түркиянын эки тараптуу күн тартибинин артыкчылыктуу багыттары боюнча активдүү диалогго жана практикалык кызматташууга даярдыгын ырастады.