20
Июнь
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Украинанын Элчисин кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Украинанын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-украин кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча пикир алышты.
Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жана эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерине берилгендигин белгилеп, эки өлкөнүн гуманитардык, маданий жана билим берүү тармагындагы байланыштарын чыңдалышына ишенээрин билдирди.
Элчи Валерий Жовтенко кыргыз тарапка конструктивдүү диалог жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин белгиледи.