20

Июнь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ПЭЭФде: ЕАЭБ экономикасы катышуучу өлкөлөрдүн күч-аракеттеринин синергетикасынын аркасында өстү

Санкт-Петербург, Россия Федерациясы – Петербург Эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев эркин баарлашуу форматында өткөн “ЕАЭБ экономикасынын реалдуу секторунун синергетикасы заманбап чакырыктарга жооп катары” сессиясында сөз сүйлөдү.

Данияр Амангелдиев форумдун катышуучуларын куттуктап, уюштуруучуларга иш-чараны жогорку деңгээлде даярдагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Евразиялык экономикалык биримдиктин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгын өзгөчө белгилеп, аны туруктуу өсүү, өнүгүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу боюнча бирдиктүү максаттардын негизинде региондун өлкөлөрүн бириктирген уникалдуу интеграциялык долбоор деп атады.

Төраганын биринчи орун басары акыркы он жылда ЕАЭБ өлкөлөрүндө өнөр жай өндүрүшү 29,1%га, ал эми айыл чарба продукциясы 25,5%га өскөнүн, бул катышуучу-өлкөлөрдүн күч-аракеттеринин ийгиликтүү синергетикасынын жана экономиканын реалдуу секторунун олуттуу потенциалынын далили экенин баса белгиледи. Данияр Амангелдиев алдыдагы милдеттерге токтолуп, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, агроөнөр жай комплексинде, машина курууда өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү, ошондой эле санариптештирүү, логистика, жашыл энергетика жана инновациялар тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

"Биз өнөр жайда гана эмес, илимий-техникалык чөйрөдө да кызматташуубуз керек. Бул боюнча биримдиктин потенциалы чоң, мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек", - деп кошумчалады ал.

Данияр Амангелдиев жаңы индустриалдык трансформациянын негизи катары санариптештирүүнүн маанилүүлүгүнө кеңири токтолду. Анын пикиринде, санариптик чечимдерди колдонуу өндүрүштү тыгыз интеграциялоого жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатууга шарттарды түзөт.

Сөзүнүн аягында Данияр Амангелдиев ЕАЭБ алкагында интеграциялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү катышуучу өлкөлөргө дүйнөлүк экономиканын чакырыктарына ийгиликтүү жооп кайтарууга мүмкүндүк берерине ишеним билдирди.

Белгилей кетсек, сессияларга Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мер Григорян, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев, «Трансмашхолдинг» ААКсынын башкы директорунун орун басары Артем Леденев,  ВЕБ.РФ ага банкири Сергей Сторчак,  ал эми иш чаранын модератору ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү Гоар Барсегян болгон.