29

Июнь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасына жумуш сапары менен барат

Үстүбүздөгү жылдын 23-25-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарына жумуш сапары менен барат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы “Жайкы Давос -2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышат. 

Форум “Жаңы доордогу ишкердик” деген ураан астында өткөрүлө, ага дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөнүн жана аймактарынан 2 миңге жакын катышуучу келет.

Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин жетекчилиги жана чет элдик делегациялардын башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.