23
Июнь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасына жумуш сапары менен келди
Кытай Эл Республикасы, Тяньцзинь, 2025-жылдын 23-июну – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарына жумуш сапары менен келди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышат.
Адылбек Касымалиев панелдик сессияда “Бир алкак, бир жол” демилгеси кайда баратат?” деген темада сөз сүйлөйт.
Форумдун алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, Вьетнам Социалисттик Республикасынын Премьер-министри Фам Минь Тинь менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле, жумуш сапардын алкагында бир катар ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушуулары да пландалууда.