24
Июнь
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин ээси болду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине (ИИМ) өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-майындагы № 153 “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган жана өлкөдөгү укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу жана иштеп чыгуу системасын өркүндөтүүгө багытталган.
Токтомго ылайык, ИИМ Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин ээси болуп аныкталды, бул анын талаптагыдай сакталышы жана эксплуатацияланышы үчүн жоопкерчиликти билдирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун техникалык оператору болуп дайындалды.
Үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатында ИИМге Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан анын иштеши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттар жана финансылык каражаттар менен бирге автоматташтырылган маалыматтык тутумунун кабыл алуу тапшырылды.
Бул чечим укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгууда ачык-айкындуулукту жана эффективдүүлүктү камсыз кылууга, ар кандай мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы координацияны жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүүгө милдеттүү.