25
Июнь
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Тяньцзинде “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынынын ачылыш аземине катышты
Кытай Эл Республикасы, Тяньцзинь, 2025-жылдын 25-июну – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Тяньцзин шаарында “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынынын ачылыш аземине катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цяндын сөзү болду.
Форумга мамлекеттик, бизнес жана илимий чөйрөнүн лидерлери, ошондой эле эл аралык уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.
Форумдун алкагында МинКаб Төрагасы Дүйнөлүк экономикалык форумдун төрагасынын милдетин аткаруучу Питер Брабек-Летмат менен жолукту.