25
Июнь
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов япониялык делегацияны кабыл алды
Бишкек, Ынтымак-Ордо, 2025-жылдын 25-июну – КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Tarutoko Research Institute Ltd япон компаниясынын башчысы Синдзи Тарутоко менен жолугушту.
Тараптар кадрдык ресурстар, саламаттыкты сактоо, спорт жана балдар тамактануусу жаатында кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.
«Сизге балдар тамактануусу, саламаттыкты сактоо, адам ресурстарын өнүктүрүү жана спорт тармагындагы адистер кирген япониялык делегациянын түзүлүшүнө жеке көмөктөшкөнүңүз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Алардын катышуусу Кыргызстандын социалдык өнүгүүсү үчүн, айрыкча саламаттыкты сактоо, эмгек миграциясы, жаштар саясаты жана спорт тармактарында абдан маанилүү», - деп белгиледи Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов ошондой эле Кыргызстандын жаш адистеринин Японияда стажировкадан өтүүсүн жана убактылуу ишке орношуу программаларын уюштуруу боюнча кызматташуу маселелерин козгоду, бул алардын өлкөбүздө андан ары ишке киргизүү үчүн алдыңкы тажрыйбага ээ болуусуна шарт түзөт.