25

Июнь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарына болгон жумушчу сапары аяктады. 

Министрлер Кабинетинин башчысы Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун жылдык жыйынынын ачылыш аземине катышып, «Жайкы Давос - 2025» жана «Бир алкак, бир жол» демилгеси кайда баратат?» деген темадагы панелдик сессияда сөз сүйлөдү.

 Форумдун алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, Вьетнам Социалисттик Республикасынын Премьер-министри Фам Мин Тин менен, ошондой эле бир катар кытай компанияларынын жана уюмдарынын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.