26

Июнь

2025

Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына сунуштарды чогултууда

Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тиешелүү Иш-чаралар планын иштеп чыгуу башталды, ал орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүү максаттарына жетүүнүн негизги куралы болуп калат.

Мамлекеттик саясаттын чараларын пландаштырууга ар тараптуу жана ачык мамиле жасоонун маанилүүлүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик кызматкерлерди, эксперттик жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүн, жарандык активисттерди, ишкерлерди жана бардык кызыкдар жарандарды аталган Планды түзүүгө катышууга чакырат.

Келип түшкөн сунуштарды системалаштыруу үчүн атайын формуляр иштелип чыкты, аны тиркемеден жүктөп алсаңыз болот. Толтурулган формулярды төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүнү өтүнөбүз: plan2030@mail.gov.kg. 

Сунуштар 2025-жылдын 31-июлуна чейин кабыл алынат. Бардык кайдыгер карабаган жарандарды жалпы ишке – өлкөбүздүн гүлдөгөн жана туруктуу келечегин курууга өз салымын кошууга чакырабыз!

Формуляр кыргызча.docx