26
Июнь
Эдил Байсалов Ысык-Көл шайлоо форумунун ачылышында сөз сүйлөдү
2025-жылдын 26-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов достук өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн чогулткан Ысык-Көл шайлоо форумунун ачылышына катышты.
Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы эл аралык деңгээлде таанылган эркин жана адилеттүү шайлоолорду камсыз кылууда жетишкен ийгиликтери менен сыймыктанарын баса белгиледи. Ал 2021-жылы атаандаштыкка жөндөмдүү шайлоодо Президент Садыр Жапаров, андан кийин парламенттин азыркы курамы шайланганын эске салды.
«Эл тарабынан шайланган президенттин жетекчилиги астында өлкө тездик менен өнүгүү жолуна түштү. Мамлекеттик бюджеттин кирешеси үч эсеге, экономика эки эсеге көбөйдү, ал эми ИДПнын өсүшү үч жылдан бери 9%дан ашты. Быйыл биз 10,5%дык көрсөткүчкө ишенимдүү бара жатабыз», - деп белгиледи Байсалов.
Ал ошондой эле 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы жана көп мандаттуу округдарга өтүүнү жана аялдар үчүн милдеттүү 30 пайыздык квотаны карай турган жаңы шайлоо реформасы бекитилгенин билдирди.
Байсаловдун айтымында, бүгүнкү Кыргызстан – бул бийлик элдики, багыты бир, жетишкендиктери көз көрүнөө болгон мамлекет: жолдор, мектептер, ооруканалар курулуп, миңдеген үй-бүлөлөр жаңы турак жайга көчүп кирүүдө. "Биздин өлкө динамикада, кыймылда, өнүгүүдө", - деп баса белгиледи ал.
Эдил Байсалов сөзүнүн аягында форум шайлоо технологиялары, инклюзивдүүлүк жана шайлоолордун ачыктыгы жаатында эл аралык кызматташтыкка жаңы дем берерине ишеним билдирди.
Маалымат үчүн: 2025-жылдын 26-27-июнунда Чолпон-Ата шаарында "Шайлоого катышуунун заманбап ыкмалары: теориядан практикага" темасында Ысык-Көл шайлоо форуму өтүүдө. Форум Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулган. Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн, Түркиянын, Эстониянын, Монголиянын шайлоо органдарынын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Форумдун алкагында пленардык жыйындар, тегерек столдор жана шайлоо жабдууларынын демонстрациясы өтүүдө. Жаштардын катышуусу, санариптештирүү жана эл аралык тажрыйба алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешинин жыйыны болуп өттү.