29
Июнь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын юристтерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн юристтерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоо тексти:
Урматтуу юристтер жана юристтер коомчулугунун өкүлдөрү!
Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Юрист кесиби коомдук тартипти жана адилеттүүлүктү камсыз кылуунун негизи. Юристтердин тынымсыз жана жигердүү эмгеги аркылуу жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо камсыз болот жана жарандардын мамлекет бийлигине карата ишеними чыңдалат.
Юрист кесиби анын ээлеринен жеке гана жогорку квалификацияны талап кылбастан жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликти, адамдык асыл сапаттарды жана өзүнүн кесиптик милдетине берилгендикти талап кылат.
Сиздер кабыл алган ар бир чечим сиздерден мыйзамдуулукту сактоону, адамкерчиликтин жана адептин принциптерине бекем турууну, ошондой эле түзүлгөн шарттарга карабастан адилеттүүлүктү коргоону талап кылат.
Сиздерге кыргыз мамлекетин өнүктүрүү боюнча баа жеткис салымыңыздар, үзүрлүү эмгегиңиздер, Кыргызстандын элине өтөгөн кызматыңыздар ыраазычылык билдирем.
Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакубаттуулук, жумушта жана жеке турмушта стабилдүүлүк болушун каалайм.
Сиздердин кесиптик майрамыңыздар - Юристтер күнү менен!