27
Июнь
2025
МинКаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун кыйноолорду алдын алуу боюнча кичи комитетинин төрагасынын орун басары Элина Штейнерте менен жолугушту
Бишкек, 2025-жылдын 27-июну — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун БУУнун кыйноолорду алдын алуу боюнча кичи комитетинин төрагасынын орун басары Элина Штейнерте менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын БУУнун кыйноолорго каршы конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Эдил Байсалов өлкө бул жааттагы эл аралык милдеттенмелерин ырааттуу түрдө аткарып жатканын баса белгиледи.
Өз кезегинде Элина Штейнерте кыйноолорго каршы конвенцияга карата Факультативдик протоколду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле жана жазалоо түрлөрүн натыйжалуу колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Кыргыз Республикасы тарабынан мындан аркы колдоого жана өз ара түшүнүшүүгө үмүт артарын билдирди.