27

Июнь

2025

ЕАЭБ аймагынан кайра иштетилүүчү кагаз жана картонду (макулатура жана калдыктар) алып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары кайра иштетилүүчү кагаз жана картонду (макулатура жана калдыктар) алып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды (транзиттен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамдан тышкары), ЕАЭБ ТЭТ ТН 4707 коду менен классификацияланат, бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кийин киргизилет. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомдун максаты жана милдети ички рынокто чийки зат ресурстарынын кескин жетишсиздигине жол бербөө жана даяр продукцияны өндүрүүнү жана экспортун стимулдаштыруу жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары кайра иштетилүүчү кагаз жана картонду (макулатура жана калдыктар) алып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу болуп саналат.