29
Июнь
Эдил Байсалов Ат-Башыдагы фестивалга катышты
Эдил Байсалов Нарын облусунун Ат-Башы районунда улуттук кол өнөрчүлүктү, гастрономиялык мурастарды жайылтуу жана ички туризмди өнүктүрүү максатында өткөн салттуу “Кыргыз шырдагы” жана “Кыргыз даамы” маданий фестивалдарына катышты.
Эдил Байсалов куттуктоо сөзүндө нукура маданиятты сактоо, кол өнөрчүлөрдү, дыйкандарды колдоо, ошондой эле аймактын позитивдүү имиджин калыптандыруу үчүн мындай фестивалдардын өзгөчө маанисин белгиледи. Ал мындай иш-чаралар улуттук биримдикти гана чыңдабастан, өлкөнүн тоолуу аймактарынын экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүнө стимул болоорун баса белгиледи.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Нарын облусун өнүктүрүүгө багытталган ири инвестициялар тууралуу жергиликтүү тургундарга маалымат берди. Анын айтымында, учурда облуста облустун бардык райондорун камтыган 9,4 миллиард сомдон ашык инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.