30

Июнь

2025

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Бишкек финансы-экономикалык техникумунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Бишкек, 2025-жылдын 30-июну - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси – Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Анда ал окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы жана ардагерлери менен жолугушту. Техникумду өнүктүрүү пландары, орто кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуу программаларын жаңыртуу жана жаңы ыкмаларды киргизүү маселелери талкууланды.

Адылбек Касымалиев өлкөнүн финансы-экономикалык тармагы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ал кесиптик билим берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, студенттерди заманбап окуу базасы менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Министрлер Кабинетинин башчысы окуу аудиторияларын жана жатакананы көрүп чыкты. Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.