30
Июнь
Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга тиешелүү негизги маселелер талкууланды. Атап айтканда, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Универсалдуу мезгилдүү баяндамасынын алкагында Төртүнчү улуттук баяндаманы коргоонун, ошондой эле расалык дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча Эл аралык конвенциянын жоболорун аткаруу боюнча 11-жана 12-бириктирилген баяндамалардын жыйынтыктары чыгарылды.
Кеңеш БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын ишке ашыруу боюнча 2025–2027-жылдарга карата иш-чаралар планын бекитти. Ошондой эле жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктун сакталышына мониторинг жүргүзүү жөнүндө баяндама угулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын чаралары талкууланды.
Эдил Байсалов өз сөзүндө төмөнкүлөрдү баса белгиледи:
«Бүгүнкү күндө айлана-чөйрөнүн булганышы – өзгөчө борбордо, ири шаарларда жана поселоктордо таза абага болгон укуктун бузулушу – бул жай айтканда эле, адам укуктары жаатындагы биринчи маселе. Биз үчүн, кыргызстандыктар үчүн бул жарандарыбыздын өмүрүнө жана ден соолугуна эң реалдуу жана узак мөөнөттүү коркунуч болуп саналат».
"Мен балдарга, карыларга тийгизген зыяны, респиратордук жана башка оор оорулардын көбөйүшү тууралуу кеңири токтолбойм. Экономикалык зыяны да абдан чоң. Бирок эң негизгиси – биз бир нерсени ачык түшүнүшүбүз керек: жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укук – бул адамдын негизги, фундаменталдык укугу. Мен, Министрлер Кабинетинин өкүлү катары, ачык моюнга алгым келет: эгерде үч-төрт жыл мурун мурунку бийликтин жоопкерчилигине шылтоо кылууга мүмкүн болсо, анда бүгүнкү күндө бул көйгөйдүн чечилбегендиги – бул биздин кемчилигибиз. Дагы бир жолу кайталайм, таза абага болгон укук маселесинде Кыргызстан үчүн эң башкы укук коргоо чакырыгы турат. Дал ушул жерде мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бардык аткаруу органдарынын, жарандык коомдун жана бизнестин күч-аракеттерин бириктирүү талап кылынат".
Отурумдун катышуучулары ошондой эле Кеңештин курамына киргизилген өзгөртүүлөрдү бекитишти жана БУУнун кыйноолорго каршы комитетинин сунуштарын аткаруу боюнча 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата иш-аракеттер планынын ишке ашырылышы жөнүндөгү аралык отчетту карашты.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарына тапшырмалар берилди.