30

Июнь

2025

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын аймагындагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун бардык 304 чакырымында толук курулуш иштери башталды

Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 30-июну – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ишке ашырылышы тууралуу тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, ошондой эле мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. 

Жыйын башында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, бүгүн Кыргызстандын аймагындагы жалпы узундугу 304 чакырымды түзгөн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун бардык аралыктарында толук курулуш иштери башталганын билдирди. 

“Бүгүн 30-июнда Кыргыз Республикасы үчүн жакшы жаңылык. Анткени, бул үч мамлекетти бириктирген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун бардык чакырымдарында толук курулуш иштери башталып отурат. Үстүбүздөгу жылдын 29-апрелинде бул эл аралык темир жолдун негизги объекттеринин курулушун баштоо аземи болгон болчу. Бул долбоор инфраструктуралык гана мааниге ээ эмес, жашоонун жаңы сапатына, экономикалык өсүшкө, аймактар менен элдердин байланышын бекемдөөгө багытталган жол. Ошол себептүү, курулуш иштеринин жүрүшүндө маселелер жаралбашы үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жеринде ыкчам чечимдерди кабыл алып, Президенттин Администрациясына киргизип турууну тапшырам”, – деди МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев. 

Отурумдун жүрүшүндө курулуш иштеринин жүрүшүндө жаралып жаткан ондон ашуун маселелер каралып, аларды ыкчам чечүү тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалар коюлду. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагындагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун жалпы узундугу 304 чакырымдан ашуун аралыкты камтып, курулуштун жалпы наркы 4 млрд 700 млн долларды түзөт. Бул темир жолдун курулушу техникалык-инженердик жактан татаал долбоорлордун бири. Анда жалпысынан темир жолдун 40%зы тоннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат. Тагыраагы 27 тоннел, 41 көпүрө курулат. Курулуш иштерин 2030-жылга карата бүткөрүү пландалууда. 

Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын 27-декабрында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышына старт берилип, анда Кыргыз Респубоикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзинпин, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев долбоордун старт берилишине байланыштуу кайрылуу жасашып, бул долбоордун маанилүүлүгүнө токтолушкан.