01

Июль

2025

Алмаз Жээналиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды

Жээналиев Алмаз Жээналиевич Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору кызмат ордуна дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.