01

Июль

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү

Бишкек шаары, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 1-июлу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өткөрүлдү, отурумдун күн тартибине эки маселе коюлган. 

Анда 2025-2028-жылдарга Климаттык каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Жашыл климаттык фонддун ортосундагы Өлкөлүк программа каралды. Бул программаны ишке ашыруу үчүн төмөндөгү 6 долбоор камтылган: 

Кыргызстандын турак жай секторунда парник газдарынын чыгарылышын кыскартуу долбоору;

Кыргызстанда экосистемага негизделген адаптация жана табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу аркылуу климаттын туруктуулугун жогорулатуу долбоору; 

Ысык-Көлдүн тоолуу аймагында экосистемалык кызматтарды жакшыртуу аркылуу туруктуулукту жогорулатуу долбоору;

Баткен облусунда климатка туруктуу айыл чарбасы үчүн жергиликтүү аракеттер жана маалыматтарга негизделген суу ресурстарын комплекстүү башкаруу долбоору;

Кыргызстандын турак жай секторунда парник газдарынын эмиссиясын азайтуу долбоору;

Чакан жана орто бизнести жана үй чарбаларын климаттык каржылоо программасын ишке ашыруу долбоору. 

Жогорудагы долбоорлор Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана бүгүнкү отурумдун катышуучулары тарабынан талкууга алынып жактырылды.

Долбоорлордун максаттары тууралуу жасалган баяндамалардан кийин МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, Координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан бекитилген долбоорлорго тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жогорудагы багыттар боюнча дыкат иш алып барууну жана натыйжалуу ишке ашырууну тапшырды. 

Ошондой эле, Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун 2025-жылга карата иш планы каралды. 

Отурумдун соңунда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, Координациялык кеңештин милдеттери климаттык фонддор менен кызматташуу стратегиясын аныктоо, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана ага адаптациялоо, экологиялык коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча долбоорлорду карап чыгуу жана бекитүү экенин белгиледи. 

“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жакында бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук” деген багыт каралган. Мамлекеттин алдында турган милдеттердин бири, эл аралык милдеттенмелердин контекстинде да, улуттук саясатта да климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана кесепеттерин жумшартуу, табигый экосистемаларды, түрлөрдүн жана генетикалык ар түрдүүлүктү сактоо болуп саналат. Биотүрдүүлүктү, суу ресурстарын жана табигый мурасты коргоо келечек муун үчүн уникалдуу тоо экосистемаларын сактоого мүмкүндүк берет. Ошондуктан, бул багытта активдүү жана өз убагында иш алып баруу зарыл”, – деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.