02
Июль
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өткөрүлгөн Президенттин Администрациясынын аппараттык жыйынында өлкөнүн маанилүү долбоорлорунун ишке ашырылышы талкууланды
Бишкек шаары, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 2-июлу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын аппараттык жыйыны болуп өттү.
Отурумда, 100 күндүк өкмөттүк акселератордун алкагында жүргүзүлгөн масштабдуу иштердин кезектеги жыйынтыктары чыгарылды. Алгач, курулуш тармагындагы уруксат берүү тартиби реформаланганы айтылды.
Курулуштун жүрүшүндө тоскоолдуктарды кыскартуу аркылуу улуттук өнүгүүнүн темпин тездетүү – бул реформанын негизги максаты. Ага ылайык, мамлекеттик органдар, ведомстволор жана адистер уруксат берүү системасын толугу менен кайра карап чыгып, аныксыз жана татаал жол-жоболорду жоюу багытында иш алып барылды.
Рефоманын жыйынтыгында – курулушту баштоого уруксат алуу мөөнөтү 180 жумушчу күндөн 60 жумушчу күнгө чейин кыскартылды, экологиялык экспертизанын мөөнөтү буга чейин 90 күн болсо, көпчүлүк объектилер үчүн 10 жумушчу күнгө чейин кыскартылды. Процесстердин бирдиктүү жана ачык жүрүшү камсыздалды.
Реформаны ишке ашырган мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана алардын командаларына ыраазычылык билдирген МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, жыйынтык так жана көрүнүктүү болгонун, бирок муну менен иш токтобой турганын билдирди.
“Азыркы баскычта процесстерди санариптештирүү негизги милдет катары коюлууда. Курулуш жаатында реформалардын экинчи этабы башталат. Бул этап уруксат берүү тартибин толук санарип форматка өткөрүүгө, документ жүгүртүүнү автоматташтырууга жана адам факторун азайтууга багытталды. Тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар кийинки этапка даярдыкты камсыздоого тийиш. Алдыда дагы чоң иштер турат. Реформанын жыйынтыктарын эң алгач элибиз сезиши керек”, – деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.
Ошондой эле, дагы бир маанилүү багыт катары, 100 күндүк өкмөттүк акселераторлордун алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн медициналык-социалдык экспертизаны, реабилитацияны жана абилитацияны санариптик чечимдер аркылуу жөнөкөйлөтүү каралды.
Белгилей кетсек, буга чейин жарандар медициналык корутундудан өтүү үчүн кайталап барып, көп убакыт коротуп келген. Бул багыттагы реформанын жыйынтыгында – эми жарандар справканы алуу үчүн кайра-кайра кайрылбайт, бардык процесстер онлайн режимде ишке ашат, пенсия, жөлөкпул, жеңилдик жана атайын каражаттар тезирээк дайындалат. Маселен, буга чейин орточо мөөнөтү 30 күн болсо, азыр 5 күнгө чейин кыскарды.
Эң негизгиси, мындай чечимдер аркылуу жарандардын турмушу жеңилдээри, аны менен катар мамлекеттик механизмдердин иши такталаарын МинКаб Төрагасы белгиледи.
“Ушул эле иш менен токтоп калбашыңыздар керек, медициналык-социалдык экспертиза процессин толук кандуу, кемчиликсиз деңгээлге жеткирүүгө, бардык тоскоолдуктарды жана коррупциялык механизмдерди жоюу боюнча жумуш токтобошу керек. Жогорудагы эки реформанын ишке ашырылышына жооптуу жетекчилер, ар тараптан колдоо көрсөтүп, талыкпай иштеген кызматкерлерге ыраазычылык билдириңиздер. Бул жалпы команданын үзүрлүү эмгеги. Аткарылган иштер дагы бир жолу айтам, кагаз жүзүндө калбашы керек, анын жемишин эл сезиши керек”, – деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.
Мындан тышкары, отурумдун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын алты айына карата республикалык бюджеттин аткарылышы, автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу сыяктуу бир катар маселелер каралды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Президенттин Администрациясынын аппараттык кеңешмесинин жыйынтыгында түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине Администрациянын алдыдагы иштеринин планына киргизилген бардык маселелер боюнча өз мөөнөтүндө жана дыкат иш алып барууну тапшырды.