02

Июль

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Перинаталдык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты

Бишкек, 2025-жылдын 2-июлу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президентинин Администрациясынын Жетекчиси   Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборуна барды. Министрлер Кабинетинин башчысы мекемедеги дарылоо шарттары менен таанышып, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүн, төрөт бөлүмүн көрдү. 

Адылбек Касымалиевге жаңы төрөлгөн ымыркайларды патологияларды аныктоо боюнча скрининг жүргүзүү, ымыркайларда ретинопатияны аныктоо жана дарылоо системасы, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын аудиологиялык скрининги боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти. 

Перинаталдык борбор заманбап жабдуулар менен жабдылган, мекемеде төрөткө келген аялдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев эненин жана баланын ден соолугуна кам көрүү мамлекеттик саясаттын эң маанилүү приоритеттеринин бири бойдон кала берерин баса белгиледи. Ал төрөт бөлүмдөрүндө мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, жаңы төрөлгөн ымыркайларды багуунун заманбап ыкмаларын киргизүү, ошондой эле мүмкүн болгон патологияларды эрте аныктоо жана дарылоо үчүн өз убагында жана сапаттуу скринингди камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Андан ары Министрлер Кабинетинин башчысы балдардын тамактануусу үчүн дарылоо-профилактикалык азыктарды чыгаруучу диетология бөлүмүнүн абалы менен таанышты. Бөлүмдө заманбап техникалык жабдуулар жок болгондуктан, балдар үчүн аталган тамак-аш азыктарын толук кандуу өндүрүүнү уюштурууга мүмкүн эмес. Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга тиешелүү жабдууларды сатып алуу жана диетология бөлүмүндө биологиялык баалуулугу жогору функционалдык азыктарды өндүрүүнү жолго коюу, продукцияны өлкөнүн аймактарына жеткирүүнү камсыз кылуу маселелерин иштеп чыгууну тапшырды. 

Мындан тышкары, ал Улуттук госпиталдын Борборлоштурулган тез медициналык жардам бөлүмүнүн абалы менен таанышты. Иш сапардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.