03

Июль

2025

Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маселелери жөнүндө токтом кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маселелери жөнүндө Жобону бекитти.

Документ Кыргыз Республикасынын Президентинин “Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Токтом менен Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкаруу схемасы бекитилди.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду болду.

Ал эми, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси болду.