03
Июль
МинКаб Нарын облусунун “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө токтом кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Нарын облусунун “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө Жобону бекитти.
Документ Нарын облусунун “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында кабыл алынды.
Ошондой эле, cоциалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор үчүн каржылоо алууга өтүнмө; социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо критерийлери; социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоого келишим; Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методика токтом менен бекитилди.
Ошондой эле, Нарын облусунун “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары аркылуу каржыланган экономикалык долбоорлор коммерциялык банктар менен аталган фонддордун ортосунда түзүлгөн финансылык макулдашуунун шарттарына ылайык алар аяктаганга чейин ишке ашырылат.