03
Июль
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов ЖОЖдордун жетекчилигине Билим берүү, илим жана инновациялар министринин жаңы орун басарларын тааныштырды
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Жогорку окуу жайларынын жана Билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин жетекчилиги менен өткөн жыйында аталган министрликтин эки жаңы орун басарын — Омуров Нурлан Кубатовичти жана Чотонов Айбек Озубековичти тааныштырды.
Тааныштыруунун жүрүшү кеңейтилген жыйындын алкагында өтүп, ага министр, министрликтин жетекчилиги, ошондой эле өлкөдөгү бардык мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайларынын ректорлору катышты. Жыйындын негизги максаты — университеттик программаларды жана окуу пландарын түп-тамырынан жаңылоо маселесин талкуулоо болду.
Эдиль Байсалов өз сөзүндө министрликтин жаңы жетекчилигинин алдында жогорку билим берүү системасын жана илим тармагын модернизациялоо боюнча чоң милдеттер турганын белгиледи.
«Билим берүү системасына жаңы дем, кесипкөйлүк жана ырааттуулук керек. Жаңы министрлик менен бирге керектүү реформаларды ишке ашырышыбыз зарыл. Биз биргелешип окуу программаларын заманбап талаптарына шайкеш келтирип, илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү, инновацияларды киргизүү, процесстерди санариптештирүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытында иш алып барышыбыз керек. ЖОЖдор билим берүү мекемелери менен гана чектелбестен, коомдук өнүгүүнүн, илимдин жана инновациянын борборуна айланышы зарыл. Биз келечектин атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларын даярдоо үчүн бекем пайдубал түптөшүбүз керек», — деп баса белгиледи Эдиль Байсалов.
Жыйындын жыйынтыгында реформанын негизги артыкчылыктуу багыттары аныкталды.