03

Июль

2025

Абдырайым уулу Шабдан Президенттин Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду

Абдырайым уулу Шабдан Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызмат ордунан бошотулду.  

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.