03
Июль
МинКаб чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштырды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу жөнүндө токтом кабыл алды.
Мындай чечим документтерди тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында кабыл алынды.
Бул токтом менен Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо бекитилди. Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин.
Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүү тапшырылды.