04

Июль

2025

Кыргыз Республикасында эсепке алуу-контролдук маркаларды киргизүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында эсепке алуу-контролдук маркаларды киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Документ айрым товардык топторду өндүрүүгө жана импорттоого контролдукту камсыз кылуу жана мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында кабыл алынды. 

Токтом менен Кыргыз Республикасында эсепке алуу-контролдук маркаларды берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо бекитилди. 2025-жылдын 15-июлунан тартып ТН ВЭД 2201 коду менен классификациялануучу таңгакталган суу, анын ичинде минералдык жана газдалган суу эсепке алуу-контролдук маркалар менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш. 2026-жылдын 1-февралынан тартып ТН ВЭД 2201 коду менен классификациялануучу таңгакталган суунун, анын ичинде минералдык жана газдалган суунун эсепке алуу-контролдук маркалары менен маркаланбаган калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.