08
Июль
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пекинде Кытайдын бир катар корпорацияларынын жетекчилери менен Барскоон-Учтурфан-Аксу автожолун куруу маселелерин сүйлөштү
Пекин шаары, Кытай Эл Республикасы, 2025-жылдын 8-июлу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жумуш сапарынын алкагында Кытай менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” өткөрүү бекетине алып барчу Барскоон–Учтурфан–Аксу автожолун куруу боюнча Кытайдын бир катар корпорацияларынын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүздү.
Анда, Кытайдын Жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча корпорациясынын (China Road and Bridge Corporation) башкармалыгынын Төрагасы Ду Фэй, ошондой эле Кытайдын Темир жол корпорациясынын 6-бюронун компаниясынын башкы директору Ван Бо, мындан тышкары Кытайдын Мамлекеттик курулуш инженердик корпорациясынын (China State Construction Engineering Corporation) башкы директору Вэнь Бин жана Кытайдын Улуттук алтын корпорациясынын (China National Gold Group Corporation, Ltd.) башкы директорунун орун басары Ван Цзоман баштаган ири корпорация жана компаниялардын жетекчилери менен жолукту.
Жогорудагы корпорациялардын жетекчилери менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кытайга болгон жумуш сапарынын максаттарынын бири Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” өткөрүү бекетине алып барчу Барскоон–Учтурфан–Аксу автожолунун курулуш иштерин алдыга жылдыруу экенин билдирди.
Сүйлөшүүлөрдө Барскоон–Учтурфан–Аксу автожолун курууда буга чейин эки тараптуу биргелешип түзүлгөн техникалык экономикалык негиздеменин негизинде курулушту ишке ашыруу, курулуштун жүрүшүндө эки тарапка пайда алып келе турган жагдайлар талкууланды.
Анын жыйынтыгында дүйнөнүн алдыңкы объекттеринин курулушуна катышкан Кытайдын корпорацияларынан турган Кыргызстанга жакын арада Барскоон–Учтурфан–Аксу автожолун куруу боюнча жеринде сүйлөшүү жүргүзүү үчүн делегация мүчөлөрү жөнөтүүлөрү, ошондой эле эки тараптын тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосунда жумушту топтор түзүлө турган болду.
Белгилей кетсек, Кытайга кирген үчүнчү жол 2024-жылдын сентябрында “Бедел” өткөрмө бекети жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиптеги убактылуу шарттар менен ишке берилген. Учурда эл аралык стандарттарга жооп берген толук кандуу инфраструктураны түзүү этабын эки өлкө биргелешип ишке ашыруунун үстүндө иштер жүрүүдө.
Барскоон-Учтурфан-Аксу автоунаа жолу толук кандуу ишке кирсе, Кытай менен Кыргызстандын соода байланыштарына жаңы дем берет. Мындайча айтканда Кытайдын Кыргызстан аркылуу башка мамлекеттерге болгон соода жүгүртүүсүнүн көлөмү өсүп, ал эми Кыргызстан реэкспорт кылган транзиттик мамлекетке айланат.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ошондой эле эки автожол – Ош облусундагы Эркечтам жана Нарын облусундагы Торугарт көзөмөл өткөрүү бекеттери аркылуу кирген жолдор бар. Кыргыз-кытай чек арасына жаңы жол куруу жана өткөрмө бекет ачуу 2023-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен болгон сүйлөшүүдө чечилген.
Кыргызстан менен Кытайдын саясий-экономикалык алакасы соңку жылдары жогорку көрсөткүчкө жетти. Өткөн жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 23 млрд долларды түзгөн.