09
Июль
МинКаб башчысынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин видеоконференция режиминде өткөн кезектеги жыйынына катышты.
Жыйындын күн тартибине 42 маселе киргизилген. Жыйындын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.
Атап айтканда, артыкчылыктуу евразиялык технологиялык платформаларды түзүү алкагында «Робототехника» евразиялык технологиялык платформасын түзүү үчүн шарттар түзүлдү. Демилге ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде робототехниканы өнүктүрүүгө, өнөр жай роботторун өндүрүүгө жана киргизүүгө багытталган. Кыргыз Республикасынан платформанын негиздөөчүлөрү болуп И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Россия Федерациясынын биринчи президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети чыкты. Идентификациялоо каражаттары менен маркаланышы керек болгон товарлар – велосипеддер жана алардын рамалары, дезинфекциялоочу каражаттар, антимикробдук таасири бар кол гигиенасына арналган косметикалык продукциялар, бекире жана лосось балыктарынын икрасы, майлоочу майлардын айрым түрлөрү, майлоочу материалдар жана атайын автомобиль суюктуктары жактырылды.
Чечим ЕАЭБ рыногунда контрафакттык продукциянын жүгүртүлүшүн жокко чыгарууга багытталган. Мында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер маркалоону киргизүү датасын өз алдынча аныкташат.
Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасындагы жана бажы аймагындагы карантиндик продукцияга жана карантиндик объекттерге карата коюлуучу бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарга кулпунай антракнозунун (Colletotrichum acutatum) козгогучун кошуу жөнүндө чечим кабыл алынды, ал өсүмдүктөрдүн кеңири чөйрөсүн, кырктан ашык тукумду, анын ичинде алма жана алмурут көчөттөрүн жана мөмөлөрүн жабыркатат.
Чечим өсүмдүктөрдү жана ЕАЭБ аймагын кулпунай антракнозу сыяктуу өсүмдүк оорусунун кирип келишинен жана жайылышынан коргоону камсыз кылуу максатында кабыл алынды. ЕЭК Кеңешинин кабыл алынган чечими үчүнчү өлкөлөр менен болгон эл аралык соодада жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара соодада алма жана алмурут көчөттөрү, кыюулары жана мөмөлөрү менен өсүмдүктөрдүн аталган оорусунун кирип келиши жана жайылышы тобокелдиктерин азайтууга, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймактарында кулпунай антракнозунан таза болгон өндүрүш зоналарын, жерлерин жана участокторун сактоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет, бул дагы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга шарт түзөт.
Ошондой эле ЕАЭБ алкагында мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар үчүн товарлардын айрым түрлөрүнүн келип чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди. Белгилүү болгондой, Эрежелер башка мүчө мамлекеттен жана (же) үчүнчү өлкөлөрдөн келип чыккан товарларга карата преференциялар, чектөөлөр жана тыюу салуулар белгиленген мамлекеттик сатып алууларга жайылтылат.
Муну эске алуу менен, эрежелердин тиркемелеринин бири, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин товарларына башка мүчө мамлекеттердин мамлекеттик сатып алууларына катышууга мүмкүндүк берет, анын ичинде Кыргыз Республикасында өндүрүшү бар товарлар менен толукталды – бул полипропилен баштыктары жана ийкемдүү орто аралыктагы чоң көлөмдүү контейнерлер.
ЕЭК Кеңешинин кабыл алынган чечими өндүрүү шарттарын аткаруу же СТ-1 формасындагы сертификатты алуу аркылуу өндүрүүчүнүн товарларынын келип чыккан өлкөсүн тастыктоо жолу менен мамлекеттик сатып алууларга мүчө мамлекеттердин товарларынын тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат (Кыргыз Республикасында Соода-өнөр жай палатасы тарабынан берилет).
Кеңештин мүчөлөрү товарлардын бажылык наркын төмөндөтүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан системалык иштин алкагында даярдалган, пилоттук долбоор жүргүзүлүп жаткан товарларды бажылык декларациялоо жөнүндө маалыматтарды талдоонун жыйынтыктары жөнүндө баяндаманы угушту.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге этил спиртине, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияга (күчүнө чектөөсүз), ошондой эле никотин камтылган продукцияга мамлекеттик бааларды жөнгө салууну (минималдуу бааларды белгилөө түрүндө) киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды. Ошондой эле Кеңештин мүчөлөрү 2025-жылдын 14-15-августунда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын күн тартибин бекитишти.