09
Июль
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишин оптималдаштыруу боюнча бир катар чаралар кабыл алынды
Мамлекеттик кызматтын тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана дебюрократиялаштыруу боюнча ишти улантуунун алкагында Министрлер Кабинети 2025-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Облустук статистика башкармалыктарын жоюу жана ресурстарды шаардык жана борбордук деңгээлдерге кайра бөлүштүрүү каралууда. Мында, жалпысынан алганда, аталган мамлекеттик органдын штаттык санынын чегин негизги жана тейлөөчү персоналдын 100 штаттык бирдигине кыскартуу каралууда.
Кабыл алынган чечим борбордук жана облустук деңгээлдердин ортосундагы мамлекеттик статистика чөйрөсүндөгү функциялардын кайталанышын жоюуга, шаардык деңгээлде респонденттер менен ыкчам өз ара аракеттенүүнү жолго салууга, ошондой эле Улуттук статистика комитетинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин аналитикалык жана методологиялык функцияларын күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
Үнөмдөлгөн каражаттар Улуттук статистика комитетинин кызматкерлерине кошумча сый акы төлөөгө, ошондой эле материалдык жактан сыйлоонун башка чараларына багытталат. Буга чейин Улуттук статистика комитети тарабынан расмий статистикалык отчеттуулуктун формалары оптималдаштырылган. Отчеттуулуктун формаларынын саны 246дан 119га чейин кыскартылган.