10

Июль

2025

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саха Республикасынын (Якутия) башчысы Айсен Николаев менен жолугушту

Россия Федерациясы, Саха Республикасы (Якутия), 2025-жылдын 10-июлу - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саха Республикасына (Якутия) болгон жумушчу сапарынын алкагында Республиканын башчысы Айсен Николаев менен жолугушту. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Якутиянын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун учурдагы абалын жана келечегин, анын ичинде маданият, экономика, айыл чарба жана спорт тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. 

Элдик дипломатияны чыңдоого жана жалпы тарыхый-маданий мурасты сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Эдил Байсалов жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, боордош элдердин ортосундагы байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Кыргызстан менен Саха Республикасынын ортосундагы мамилелер көтөрүлүп, достук жана өз ара сыйлашуу рухунда жаңы мазмунга ээ болуп жатканын баса белгиледи. 

Сапардын алкагында Эдил Байсалов ошондой эле РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусун жетектеген жана Кыргызстанда советтик мамлекеттүүлүктүн калыптанышында негизги ролду ойногон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Якутиянын тургуну Максим Кирович Аммосовдун эстелигине гүл койду. 

Кыргыз делегациясы Россия элдеринин улуттук рухунун күчүн жана биримдигин символдоштурган XXII Манчаары оюндарына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышууда.